Белгилүү алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын атасы каза болду. Бул тууралуу алып баруучу айым өзү социалдык тармактагы баракчалары аркылуу кабарлады.
"Биздин үй-бүлөбүздө орду толгус чоң жоготуу! Аска зоом урады, атамдан айрылдым! Алдынкы күндөгү иш-чара ээлери түшүнүү менен кабыл алат деген ишеничтемин", - деп билдирүү калтырган ал.
Атасынын эмнеден каза болгону тууралуу маалымат айтылган эмес.
SUPER.KG порталы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат!