Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 63 чакырымына 1595 күн чырагы орнотулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалымдалгандай, күн чырактар Кочкор районунун Сары-Булак айылынан Нарын шаарына чейинки аралыкка орнотулган. Долбоор Нарын облусунун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна жыл сайын бөлүнүп берилген каражаттын эсебинен каржыланды.
Облус бийлиги мындай долбоордун ишке ашышы жол кырсыктарынын санын кескин кыскартканын белгиледи.