Биз социалдык тармакта

Улуттук банк “Тушоо кесүү” коллекциялык тыйынын жүгүртүүгө чыгарды

Бүгүн, 8-декабрдан тартып “Кыргыз үрп-адаттары жана ырым-жырымдары” сериясындагы “Тушоо кесүү” күмүш коллекциялык тыйыны жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банк билдирет.

Маалыматта: “Тушоо кесүү” – бүгүнкү күндө да эл арасында кеңири колдонулуп келе жаткан, кыргыздын байыркы ырым-жырымдарынын бири. Бул ырым, бала өз алдынча басууга алгачкы кадамын таштаганда жасалат. Илгертен бери эле ата-эне бул жөрөлгөнү сөзсүз түрдө там-тум баскан бала бутуна бекем турушу жана анын кийинки өмүр жолу бактылуу жана ийгиликтүү болушу үчүн жасашы керек деп эсептешкен”, деп айтылат.

Коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 6940 сом баасында иш күндөрү саат 9:00дөн 14:00гө чейин ошондой эле нумизматикалык баалууулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу да сатылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан