Өлкө аймагында бир сутка ичинде 21 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 23 күжүрмөн эсеп тартылып, куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду.
Өрт кырсыктарынын аймактардагы саны:
- Бишкек шаарында – 6;
- Чүй облусунда – 4;
- Жалал-Абад облусу – 5;
- Ош шаары – 1;
- Ош облусу – 1;
- Талас облусу – 1;
- Ысык-Көл облусу – 3.