Бүгүн, 8-декабрда Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 12:50дөн тарта аталган ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлган.
Министрлик учурда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.