
Манас шаарында жайгашкан "Жалал-Абад стоматология" стоматологиялык поликлиникасынын мыйзамсыз менчиктештирилген имараты жана жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратура бүгүн, 8-декабрда кабарлады.
Маалым болгондой, поликлиниканын 992 чарчы метр имараты жана 2595 чарчы метр жер тилкеси 2000-жылдары жеке менчикке мыйзамсыз сатылып кеткендиги аныкталды.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында наркы 113 миллион 872 миң сомдук имарат жер аянты менен муниципалдык менчикке кайтарылды.