Сузак районунда 14 жаштагы баланы сабоого шектелип ата-бала кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрда милицияга шектүүлөр өспүрүмдү ур-токмокко алып, колун, бутун сындырганды тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучуга Сузак райондук ооруканасында операция жасалган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси (Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген 49 жаштагы киши 17 жаштагы уулу менен бирге Сузак райондук соту тарабынан бир айга камакка алынган.
Учурда тергөө иштери уланууда.