Бүгүн, 9-декабрга карата Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашуулары менен Суусамыр-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатканын билдирди.
Ал эми Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда тазалоо, инерттик материалдарды чачуу иштери жүрүүдө. Алдыңкы сааттарда буга чейин киргизилген оор жүк ташуучу унааларга чектөө алынат.