Эртең, 10-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1 ... -6, күндүз -4 ... -9;
Талас жергесинде түнкүсүн -4 ... -6, күндүз -4 ... -6;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3 ... -5, күндүз 0 ... +2;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4 ... -6, күндүз -4 ... -6;
Нарын аймагында түнкүсүн -11 ... -12, күндүз -4 ... -6;
Бишкек шаарында түнкүсүн -5 ... -7, күндүз -3 ... -5.