Чүй милициясы облус аймагында чет элдик жарандар боюнча рейд жүргүзүлгөнүн кабарлады.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунда мыйзамсыз жашап жүргөн 4 чет элдик жаран аныкталган. Мындан улам Тажикстандын 2 жаранына каттоо мөөнөтү өтүп кеткендиктен айып пул салынган. Ал эми Непалдын 2 жараны өз мамлекетине жөнөтүлгөн.