Оштогу жаңы курулуп жаткан "Келечек" базарына асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда аталган базардын негизги жана ички жолдоруна асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.
"Базарга электр энергиясы менен таза суу тартылды. Учурда бардык соода орундарынын каркастары толук тургузулуп, чатыр жабуу иштери аяктоо алдында турат",- деп билдирди мэрия.