УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө пара сунуштаган учурлар болгонун айтты.
Анын айтымында, алар тарабынан акчага кызыктыруу аракеттери болгон.
"Кантип Ташиев пара албайт, кантип Ташиевди сатып алса болбойт, ал катип байлыкка кызыкпайт?" дегендер болду. Алар "жок, муну биз кызыктырабыз" деп аракет кылып көрүштү. Ар түрдүү, чачың тик тура турган учурлар болду.
Менин үйүмө чейин "ушуну чечип бериңиз" деп, куту-куту акчаларды көтөрүп келгендер болду. Көйгөйлөрүн чечмек тургай, аларадын кайра өздөрүн жазаладык. Ошондо анан алар түшүнүштү",- деди атайын кызматтын башчысы Регион телеканалына берген маегинде.