Биз социалдык тармакта

Бишкекте Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Бүгүн, 9-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Алымбек датканын 225 жылдыгына жана академик Муса Адышевдин 110 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Ага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, академик Муса Адышевдин уулу — Иллинойс университетинин (Чикаго) профессору Жаныбек Адышев катышты.
Иш-чарада Алымбек датканын тарыхый мурастарына жана академик Муса Адышевдин илимий ишмердүүлүгүнө арналган даректүү материалдар көрсөтүлдү.
Анда илимий жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү Алымбек датканын жана Муса Адышевдин улуттук тарыхтагы жана илимдеги салымын белгилешти.
Илим министрлиги иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен коштолгонун кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан