УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Регион телеканлана курган маегинде эл арасында өзү жөнүндө айтылган кептерге да токтолуп, өз жообун берди.
"Ташиев келсе эле коркуп кетишет, чуркап, иштеп калышат" дешет. Бул менин аты-жөнүн эмес, бул мыйзамдын фамилиясы. Мыйзамдын иштей баштаганынын көрүнүшү. Ошол эле мыйзамды бузгандар, мыйзамдын иштей баштаганын тааный башташты. Демек, коомубузда тартип орной баштады",- деди атайын кызматтын башчысы.