Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөрүлдү

Бүгүн, 9-декабрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы тарабынан мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд жүргүзүлдү.

Маалыматка караганда, Орто-Өрүктү жана Жаркынбай айыл аймактарынын акваториясында он күн бою жүргүзүлгөн рейддердин жүрүшүндө 52 даана синтетикалык тор анын ичинде куйма бөлүгүнөн 2 тор табылып жок кылынды.

Мындан тышкары, көл жээктеринен таштандылар тазаланып, 4 кап таштанды жана кооптуу калдыктар чыгарылды.

Милиция бул иш-чаралар көлдүн тазалыгын сактоого жана балык ресурстарын коргоого өбөлгө түзөрүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан