15 жаштагы өспүрүмгө сейрек кездешүүчү операция ийгиликтүү жасалды

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда оор тамыр патологиясы бар 15 жаштагы бейтапка сейрек кездешүүчү жогорку технологиялуу операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кабарланды.
"Өспүрүмдө фибромускулярдык дисплазия диагнозу коюлуп, ич көңдөйүндөгү аорта жана анын эң маанилүү бутактары — кыска кан тамыр, жогорку ич көңдөйүнүн жана бөйрөк артериялары жабыркаган. Бул оору олуттуу артериалдык гипертензияга жана гипертрофиялык кардиомиопатияга алып келген.
2022-жылдан тарта жүргүзүлгөн консервативдик дарылоого карабастан, 2025-жылдын октябрында баланын абалы кескин оорлоп, дары-дармек терапиясы натыйжа бербей калды. Ата-энеси аталган институтка кайрылгандан кийин, бейтап дароо хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, кеңири текшерүүдөн өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында шашылыш операция талап кылынары аныкталды", - деп билдирүүдө жазылат.
Маалыматка ылайык, бейтапка операция 29-октябрда жасалган.

"Техникалык жактан абдан татаал жана узакка созулган бул операция ийгиликтүү өттү. Бейтап эки күн жандандыруу бөлүмүндө болуп, андан кийин жалпы бөлмөгө которулду. Учурда анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда жана жакын арада үйүнө чыгарууга даярдалууда", - деп айтылат анда.

Адистер белгилегендей, мындай операциялар Кыргызстанда жалгыз Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда гана жасалат.

Аталган институттун дарылоо иштери боюнча башкы дарыгери Бекболот уулу Нурболот жасалган операциянын маанилүүлүгүн жана институттун жүрөк-кан тамыр хирургиясындагы ордун баса белгиледи.

«Операция техникалык жактан өтө татаал болду. Анын ийгиликтүү аткарылышы командалык иштин жана институттун материалдык-техникалык базасынын жогорку деңгээлинин аркасында мүмкүн болду. Мындай операциялар республикада жалгыз гана биздин институтта жасаларын баса белгилейбиз.

Биздин жамаат балдарга өзгөчө көңүл бурат: 6 жашка чейинки балдарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жана жетим балдарга операциялар акысыз жасалат. Бейтаптын абалы турукташканына кубанычтабыз жана ага толук сакайып кетүүнү каалайбыз», — деди Бекболот уулу Нурболот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан