Бишкектин Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Маалыматты ӨКМден ырасташты.
Ага ылайык, өрт саат 20:52де толук өчүрүлгөн. Өрттүн аянты болжол менен 70 чарчы метрди түзөт.
Кырсык катталган аймактан 30 кишини эвакуацияланган, жабыркагандар жок.