Японияда жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 50 адамга жетти

Япониянын түндүгүндө күчү 7,6 баллга жеткен жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 50 жаранга жетти. Бул тууралуу 9-декабрда NHK телеканалы кабарлады.

Маалыматка караганда, жаракат алгандардын ичинен 36 адам Аомори префектурасында катталды. Ал эми Хоккайдо жана Ивате префектураларында дагы 14 киши жараат алды.

Аомори шаарында 11 имарат, анын ичинде үйлөр, сарайлар жана кампалар жабыркаган.

Япония өкмөтү жана Япониянын метеорологиялык агенттиги бир жума бою Япониянын түндүк-чыгышындагы Хоккайдо жана Санрику аралдарында жер титирөө коркунучу бар экенин эскертти.

Буга чейин жер силкинүүнүн кесепетинен 30 адам жаракат алганы маалымдалган болчу.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан