2013-жылы Чүй облусунда 1702 жол кырсыгы катталып, 344 адам каза болгон. Ал эми 2540 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул туурасында Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, бир жыл ичинде 176174 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.
Алар:
Мас абалында унаа айдоо – 2970;
Автоунаасын караңгылатып алуу – 1191;
Мамлекеттик номуру жок – 304;
Коопсуздук курун тагынбоо – 13272;
Ылдамдыкты жогорулатуу – 68422;
Жол чырактардан өтүп кетүү – 2345;
Унаадан ашып өтүүдө жол эрежелеринин бузулушу – 18610;
Унаа айдап баратып телефон менен сүйлөшүү - 8933;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 1557.
Ошондой эле 2013-жылы 5902 унаа айып жайга токтотулган.