Бүгүн, 10-декабрь аба ырайына байланыштуу ашуулардагы оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алына элек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат.
"Кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырабыз",- деп билдирди министрлик.