Нарын шаарынын мэриясы тротуарларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирип, видео жарыялады.
Видеодон атайын техникалар колдонулуп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле маалыматта “Таза Нарын” ишканасы тарабынан унаа жолдору да кардан тазаланып, кум чачылып жатканы айтылат.