АКШнын президенти Дональд Трамп сүйүктүү сөзү "тариф" экенин айтты. Бул тууралуу ал Пенсильванияда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
"Мен эң жакшы көргөн сөзүмдү "тариф" деп айтат элем. Мен аны башка сөздөргө караганда жакшы көрөм",- деди ал.
Айта кетсек, быйыл апрелден бери Трамптын администрациясы чет элдик өнөктөштөр үчүн соода тарифтерин ырааттуу түрдө жогорулатып келет. 211 өлкөдөн жана аймактардан импорттук товарларга тарифтер киргизилген.
Ошол эле учурда көптөгөн өлкөлөргө жогорку соода тарифтери киргизилген. Мисалы, АКШнын Кытайга болгон тарифи 145 пайызга чейин көтөрүлгөн. Соода келишиминен кийин Трамп тарифти 47 пайызга түшүргөн.