Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 8, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош облусунда 4, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 27 күжүрмөн эсеп тартылды.