Таластын Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр республикалык бюджеттин эсебинен Бакайыр айылындагы 60 гектар жерге тамчылатып сугаруу системи орнотулган. Шектүүлөр жеке кызыкчылыктарын көздөп, жогорудагы 60 гектар жерди жакын туугандарына ижарага беришкен.
Алардын мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам мамлекетке 1 миллион 579 миң 980 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Шектүүлөр Талас ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тергөө иштери уланууда.