Бишкекте интимдик кызмат көрсөтүп жүргөн 30дан ашуун кыз аныкталып, алар милиция бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, калаада "Притон" аттуу рейддик иш-чара өттү. Ага Криминалдык милиция кызматкерлери жана борбордун райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тартылды.
Анын жыйынтыгында үч аялга карата Бузуулар жөнүндө кодекстин 109-2-беренеси (Сойкулук менен алектенүү) боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Алардын ишмердүүлүгүн токтотуу жана ага байланыштуу укук бузуулардын алдын алуу багытында системдүү иш уланууда.