Акыркы сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 21-январда билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттөрдүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эрежелердин сакталбагандыгы жана турак үйлөрдөгү морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Өрттөн каза болгондор жана жабыркагандар жок.