Биз социалдык тармакта

Бишкектеги №91 мектепке бомба коюлду деген билдирүү жалган болуп чыкты

Бүгүн, 10-декабрда болжол менен саат 13:30 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына №91 орто мектептин аймагына бомба коюлду деген билдирүү түшкөн.

Маалымат түшкөндөн кийин Октябрь райондук милициясынын ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге жөнөп, милиция кызматкерлери мектептин аймагын толугу менен курчап, окуучулар менен мугалимдерди эвакуациялашты.

Райондук милициянын басма сөз кызматы кошумчалагандай, жерине кинологдор барып, мектепти жана аймакты толук текшеришти. Аткарылган иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү буюмдар табылган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан