Кыргызстандык футболчу Артур Муладжанов түркиялык клубдун кароосунда болду

Бишкектик “Алга” футболдук клубунун жана Кыргызстан курама командасынын коргоочусу Артур Муладжанов түркиялык клубдун кароосунда болуп кайтты. Бул тууралуу футболчу кечээ, 20-январда кабарлады.

Анын айтымында, ага Түркиянын биринчи лигасында ойногон “Денизлиспор” футболдук клубунан чакыруу келген. Футболчу 1-7-январь аралыгында клубдун кароосунда болуп, оюнчулар менен чогуу машыгууларга катышып кайткан.

“Так жообун беришкен жок. Жооп күтүп жатам. Эгер курамдарына кошпосо, анда башка жолдорун издөөнү улантып, өз күчүмдү башка клубдарда сынайм” дейт Артур. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bodibilding
2014-01-21 10:14:21
Маладец ийгилик сага аракет кыла бер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан