Ош шаарында мектеп окуучусун Honda Fit унаасы сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Ош шаардык кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя 9-декабрда Раззаков көчөсүндө орун алды. Анда жолдон өтүп бара жаткан 2010-жылы туулган Д.К. аттуу мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткен.
Honda Fit унаасынын айдоочусу, 1973-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаасы айып короого токтотулду.