Кант шаарында бейбаштык кылган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун 33 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган жаран кечээ, 10-декабрда болжол менен саат 01:20 чамасында шаардын Ленин көчөсүндө мас абалындагы киши атайылап дене жаракатын келтиргенин билдирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.