
Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бу тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, ал жабырлануучунун ишенимине 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын февраль айына чейин кирип, акчасын көбөйтүп берүү шылтоосу менен жалпы 160 миң долларын алган. Бирок убадасын аткарган эмес.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.