Бүгүн, 21-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы “Өнүктүрүү кубогу-2014” эл аралык мелдешинин тайпалык баскычында экинчи беттешин өткөрөт. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, “А” тайпасында Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы бул жолу украиналык футболчуларга каршы турушат.
Эске салсак, бул мелдеште кыргызстандык жаш футболчулар алгачкы оюнун 19-январда Литвага каршы өткөргөн. Анда 1:0 эсебинде жеңиш ээси каршы тарап болгон.