Бүгүн, 12-декабрда саат 4:52 чамасында Кыргыз-Кытай чек арасына жакын аймакта күчү 3,5 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытай аймагында болуп, Нура айылынан 30 чакырым, Эркечтам айылынан 32 чакырым жана Икизяк айылынан 38 чакырым түштүктө жайгашкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө байкалган эмес.