
Бишкек менен Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал катталат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
ӨКМ катуу шамал учурунда электр чубалгыларынан, бак-дарактардан алыс, коопсуз жайларда болууну эскертет.