Кийинки жылы Кыргызстан 15 миң даана гибриддик жана электр унааларын бажы төлөмү жок импорттой алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Москва шаарында өткөн жыйында кабыл алынган.
Мындан тышкары, ЕӨАКнын жыйынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлганы айтылды.
Белгилей кетсек, кечээ, 11-декабрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына катышканы маалым болгон.