Өлкөдөгү аба ырайына байланыштуу 13-15-декабрь күндөрү тоолуу аймактардагы жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная Горка - Ак-Таш унаа жолунда, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунда, Каракол - Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад унаа жолундагы Көк-Арт ашуусунда кар күрткүсү күтүлөт.
Министрлик жолдор тайгак болуп муз тоңорун жана унаалар ортосунда аралык 500 метр болушу керектигин эскертти.