Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 12-декабрда Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Ашхабад шаарындагы Бейтараптык монументине гүл коюу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Садыр Жапаров менен бирге Орусиянын лидери Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан жана башка лидерлер катышкан.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров кечээ, 11-декабрда иш сапары менен Ашхабад шаарына барган. Анда Жапаров Тынчтыктын жана ишенимдин эл аралык жылына (2025-жыл), Бейтараптыктын эл аралык күнүнө жана Түркмөнстандын туруктуу бейтараптыгынын 30 жылдыгына арналган Эл аралык форумга катышары айтылган.