Кечээ, 11-декбарда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендин Достук айылында жайгашкан "Жаңы-Жер" чек ара заставасынын жаңы имаратынын ачылышына катышты.
Атайын кызматтын башчысы имараттын ичи менен таанышып жүрүп, аспап чертүүнү үйрөнүп жатышкан жоокерлердин үстүнөн чыгып, алар менен баарлашты.
Ташиев комузду колуна алып, кыргыздын улуттук аспабы болгондуктан черте билүү зарыл экенин белгиледи. Соңунда жоокерлер Барпы Алыкуловдун "Ала-Тоо көрккө келбейт эл болбосо" аттуу ырын аткарып беришти.