Жалал-Абадда эки күндүк рейд учурунда жол кыймылын бузган 213 айдоочуга протокол түзүлдү

18-19-январь күндөрү Жалал-Абад шаарында жол эрежелерин бузууларга бөгөт коюу максатында «Крутой» жана «Мамлекеттик кызматтык автоунаа» аталышындагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында профилактикалык рейд өткөрүү учурунда жалпысынан 1491 автоунаа текшерилген. Жыйынтыгында жол кыймылын бузган 213 айдоочуга протокол түзүлдү. Мындан сырткары 34 унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. 

Жалал-Абад ОИИБинин Жол-кайгуул кызматы ар бир белгиленген иш-чараларды прокуратуранын кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүп, кээ бир айдоочуларга мыйзамдуулукту түшүндүрүп, профилактикалык иштерди  жүргүзүшкөнүн маалымдайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан