Бишкектин Калыс-Ордо жаңы конушунда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Айдай Байитова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Биринчи Май РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, издөө иштерине өздүк курам тартылган. Учурда окуяга байланыштуу бардык жагдайлар аныкталууда.
Эске салсак, 10-декабрь күнү милицияга кыздын апасы арыз менен кайрылган. Ал 9-декабрда саат 8:00дө Айдай үйдөн мектепке чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин билдирген.