Биз социалдык тармакта

Ак-Талаада өлкө боюнча эң арзан эт сатылган жарманке уюштурулду 

Бүгүн, 12-декабрда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкеси болуп өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманкеде кой эти 600 сомдон, үндүк эти 3 миң сомдон 6 миң сомго чейин сатылды.

"Кыргызстан боюнча өтүп жаткан жарманкеде эт эң арзан баада дал ушул жерде сатылууда. Эки апта бою топоздун эти 550 сомдон сатылды", - деп билдирди министрлик.

Министрликтин айтымында, мындай жарманкелер жума сайын жер-жерлерде өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан