Бүгүн, 12-декабрда "Ош базары" жана "Орто-Сай" базарларында эт азыктарынын баасын көзөмөлдөө боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, айыл чарба министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышышты.
Мониторинг учурунда эт азыктарынын баасын так сактоо керектиги эскертилди. Айрыкча эттин баасы 680 сомдон жогору сатылган фактылар аныкталса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан мыйзамга ылайык чара көрүлөрү белгиленди.