Биз социалдык тармакта

Чүйдө унаа базардын жанында катталган жол кырсыкта эки адам каза болду

Чүйдө жол кырсыгы катталып, айдоочу жана жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу 12-декабрда облустук жол милициясынан билдирди.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн, 12-декабрда саат 17:00 чамасында “Азамат” унаа базарынын жанында катталган.

Анда Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу базардан чыгып жатып, жол белгиге баш ийбей, Бишкек шаарын карай бурулам деп жолго чыгып калган учурда Хендай Палисад үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Мерседестин айдоочусу жана жүргүнчү катары бара жаткан жаран көз жумган. Ал эми Хендай Палисад унаасынын айдоочусун жана жүргүнчүсүн Сокулук ооруканасына алып кетишкен.

Азыркы учурда Сокулук РИИБинин ыкчам тобу менен Чүй ЖКККБ кырсык болгон жерде жумуш алып барууда.


Жол кырсык катталды
Чүйдө унаа базардын жанында катталган жол кырсыкта эки адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан