Бишкек жана Кара-Балта шаарларында жаңы көмүр кампалары ачылды

Бишкек жана Кара-Балта шаарларында жаңы көмүр кампалары ачылды. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти.

Ага ылайык, борбордогу Лев Толстой көчөсү, 98А дарегинде жаңы көмүр кампасында "кара алтын" 5800 сомдон сатылууда. Ал жерге 5 вагон көмүр келип түштү, мындан ары көмүр туруктуу түрдө жеткирилип турат.

Ал эми Кара-Балта шаарынын Пальмира Тольятти көчөсү, 1Б дарегинде дагы бир көмүр кампасы ишке кирди. Бул жерге да 5 вагон көмүр жеткирилди. Анда көмүрдүн наркы 6300 сом. Аталган кампадан Панфилов жана Жайыл райондорунун тургундары көмүр сатып ала алышат.


Бишкек жана Кара-Балта шаарларында жаңы көмүр кампалары ачылды
Кара-Балтада көмүр кампасы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан