Мигранттын баласынын тагдыры тууралуу китеп жарык көрдү 

Бишкекте мигранттын баласынын тагдыры баяндаган "Батперек" китеби жарык көрдү. Бул тууралуу медиа-порталыбызга китептин автору Жолдубек Качкынбаев билдирди.

Айтымында, повестте миңдеген кыргыз үй-бүлөсүнүн тагдырына айланган миграциянын оор изи, эне-баланын ортосундагы сагыныч, түбү көрүнбөгөн кусалык баяндалат.

Китепте айылда ага-жеңесинин колунда калган Бектур аттуу алты жашар каармандын түрдүү зомбулукка кабылышы көркөм сүрөттөлөт. Бектурдун башына түшкөн кырсык бул үй-бүлөнүн жашоосун өзгөртөт. Чыгарма окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арналат.

Жолдубек Качкынбаев 1997-жылы 4-январда Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ой-Тал айылында төрөлгөн. 2016-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түркология бөлүмүнө тапшырып, 2021-жылы аяктаган. 2021-жылы ошол эле жогорку окуу жайдын түркология бөлүмүнө магистратурага тапшырып, 2023-жылы аяктайт.

Учурда Улуттук Илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы адабият институтунун аспиранты. Ал окурман журтуна орус, түрк, казак тилдеринен кыргызчага которулган көркөм чыгармалары жана адабий сын макалалары менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан