
Бишкектеги "Орто-Сай" базарында 16-декабрда убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.
Билдирүүдө жазылгандай, бул күнү Жукеев-Пудовкин көчөсү менен Безымянная көчөнүн кесилишинде жайгашкан объекти суу түтүгүнө кошуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу базарда жана жеке үйлөрдө суу саат 09:00дөн 17:00гө чейин берилбейт.
"Бишкексууканал" ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана шаар тургундарын ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.