Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарды алган Омар Ливаза менен Ихтияр Нишанов өлкөгө кайтып келди. Аларды аэропорттон жакындары, күйөрмандары тосуп алышты.
Мелдеште спортчу Омар Ливаза 63,5 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынган. Ал эми Ихтияр Нишанов бул дүйнө чемпиондугунун коло байгенин ээси болду. Аларга 150 миң доллар жана 75 миң доллар акчалай сыйлыктар берилген.
Эскерте кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынын виза маселесинен улам аталган мелдеш бир күнгө жылдырылган эле.