Биз социалдык тармакта

Бир жума ичинде 19 миңден ашык айдоочу жол эрежесин бузганы аныкталды

Өлкө аймагында бир апта ичинде 19 миң 635 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган убакыт ичинде 259 мас айдоочу кармалган.

Жол эрежеси бузулган учурлар:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 379;
  • унаанын терезесин мыйзамсыз караңгылатуу – 134;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар – 591;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 908;
  • авто ээнбаштык – 25;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2 515;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 8;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 832;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 миң 984 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан