Бишкек шаарындагы Махатма Ганди көчөсүнөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Берилген маалыматка ылайык, контейнерлердин биринен чыккан өрттү өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 10:16да чектөөгө алынган. Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Жабыркагандар катталган жок.