Кыргызстан Орусиядан миң тоннага жакын азык-түлүк жардамын алды

Кыргызстан Орусиядан азык-түлүк гуманитардык жардамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1 миң 147 тоннага жакын азык-түлүк гумманитардык жардамы келди. Ал БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу акысыз негизде берилди. Жардам 4 миң 600 аз камсыз болгон үй-бүлөгө багытталат. Программага киргизилген үй-бүлөлөргө 300 килограмм ун жана 30 литр май берилет, ал эми тренингге катышкандар 150 килограмм ун, жана 15 литр май алышат.

Долбоор азык-түлүк менен гана колдоону көздөбөстөн, коомчулуктун климаттык коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга жана эмгек мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталганы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан